CA-NEWS (UZ) – Өзбекстан өкмөтү транспорт каражатын техникалык карооодон өткөрүүдө медициналык справкалардын көрсөтүлүшү талабын жокко чыгарды. Унаанын ээсинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген тараптын техникалык кароодон өтүүдө транспорт каражатын башкарууга жарактуулугу тууралуу медициналык справкасынын кереги жок.

Эскерте кетсек Өзбекстанда 1-октябрдан тарта айдоочу күбөлүктөрү жана техпаспортторду алмаштыруу башталды. Жаңы үлгудөгү айдоочу күбөлүктөрү 10 жылдык мөөнөткө берилет. Алмаштыруу 2017-жылдын 1-октябрынан тарта 2018-жылдын 31-декабрына чейин ыктыярдуу түрдө, ал эми 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.