28.04.20

Дүйнөлүк банк (ДБ) коронавирус пандемиясынын Өзбекстандын жарандарынын ден-соолугуна жана саламаттыгына тийгизген кесепеттерин жеңилдетүү жана өзгөчө кырдаал учурунда финансылык колдоо көрсөтүү максатында, $95 миллион доллар өлчөмүндө каражат  бермей болду. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Алынган каражаттар, саламаттыкты сактоо тармагын  өркүндөтүүгө, ошондой эле коронавирус илдетинен улам келип чыккан, экономикалык кризистен жабыр тарткан калктын жакыр жана аялуу катмарларын колдоого багытталат.

Бөлүнгөн каражаттын $38 миллион доллары, коронавирус инфекциясынын жайылышын көзөмөлдөө жана алдын алуу үчүн  улуттук саламаттыкты сактоо тармагын өркүндөтүүгө сарпталат. Мындан тышкары, коронавирус илдети менен ооруган сыркоолорду дарылаган ооруканаларды жабдуу үчүн, жеке коргонуучу жабдыктар, керектүү дары-дармектер, өтө маанилүү медициналык жабдуулар, анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруучу механикалык жабдууларды сатып алууга жумшалмакчы.

Калган $57 миллион доллар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү жана жумушсуз жарандарга бир жолку төлөмдөрдү берүү боюнча мамлекеттик программаларды колдоого коротулат.

https://www.akchabar.kg/ru/news/uzbekistan-poluchit-95-mln-ot-vsemirnogo-banka/