07.05.20

Өзбекстан менен Түркия туризм тармагында кызматташууну улантат. Бул тууралуу, Өзбек телеграф агенттиги (ӨзТАГ) жазып чыкты.

Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү жана Түркиядагы өзбек дипломаттары онлайн режиминде, Түркиянын туризм тармагынын адистери, тур операторлору менен туризм жаатында кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бул иш-чарага Түркия тараптан, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Бүткүл Түркиялык  туризм тармагынын субьектилери ассоциациясынын (TÜRSAB) төрагасы Фируз Багликая мырза дагы катышты. Катышуучулар жакынкы мезгилдерде, туристтерди тартуу боюнча болжолдуу пландарды түзүү жаатында тажрыйба алмашышып, пандемиядан кийинки мезгилде туризм тармагын калыбына келтирүүнү талкуулашты.

Тараптар диалогду улантууга, байланыштарды кеңейтүүгө жана биринчи кезекте ички туризмдин эсебинен туризм тармагын калыбына келтирүү боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Мындан тышкары, туристтик объектилерди эпидемиядан коргоо үчүн сертификациялоо иштерин аткарууда, Түркиянын тажрыйбасын Өзбекстанда колдонуу жөнүндө сөз болду. Көрүшмө учурунда, туризм жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун башка актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, маалымат алмашуу жана эпидемияга каршы туруу үчүн туристтик объектилерди сертификациялоо стандарттарын иштеп чыгууну Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Ташкент өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен ишке ашыруу белгиленди. Ошондой эле эки өлкөнүн туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жакын арада диалогдорду улантуу, тагыраак деталдуу маалымат алмашуу, коронавирустан коргонуу боюнча, «Virus-Free» аттуу туристик обьектилерди сертификациялоо стандарттарынын системасын иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишишти.

https://uztag.info/ru/news/uzbekistan-i-turtsiya-prodolzhat-razvivat-sotrudnichestvo-v-oblasti-turizma