11.05.20

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2020-жылдын 1-май күнү, Өзбекстандын Сардоба суу сактагычынын жарылуусунан жапа чеккен аймактарга  гуманитардык жардам көрсөттү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон болучу.

Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкына 1000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 1-май күнү таңында, Өзбекстандын батышында жайгашкан Сардоба суу сактагычынын дамбасы жарылып, аймактагы бир нече айылды суу каптаган. 70 миңге жакын тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Плотинадан чыккан суу коңшу Казакстандын аймагындагы турак жайларга, айдоо жерлерине  каптаган.

https://kyrtag.kg/ru/news/kyrgyzstan-okazal-gumanitarnuyu-pomoshch-uzbekistantsam-postradavshim-ot-proryva-sardobinskogo-vodokh