11.05.20

Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Өмүрзаков жана Пакистандын премьер-министринин соода, текстиль өнөр жайы жана инвестициялар боюнча кеңешчиси Абдул Давуд менен көрүшмө өткөрдү. Жолугушуу видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу, UzDaily маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тараптар өз ара соода жүгүртүүнүн деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле Өзбекстан менен Пакистан ортосунда жаңы жүк каттамдарын ачуу зарылдыгын бир добуштан билдиришти.

Мындан тышкары, туризм, айыл чарба, тамак-аш жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле фармацевтика жана курулуш материалдарын өндүрүү тармагындагы өлкөлөрдүн инвестициялык кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.

Көрүшмөнүн соңунда, тараптар эки өлкөнүн тышкы экономикалык ведомстволорунун орун басарларынын деңгээлинде биргелешкен жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты.

Ушул жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 8,14 миллиард долларга жеткен.

Эскерте кетсек,  өткөн жылы Өзбекстан жана Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 92,4 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көптүк кылат.

https://ehokg.org/pakistan-i-uzbekistan-namereny-zapustit-novye-transportnye-marshruty/