10.05.20

Ташкент шаарына 10-май күнү, Түштүк Кореядан жалпы салмагы 34 тонна гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү келген. Бул тууралуу,  "Дунё" маалымат агенттиги жазып чыкты.

192 миң долларга бааланган жүктүн курамында, көп функционалдуу автоматтык механизм менен жабдылган медициналык керебеттер, антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык маскалар жана иммунитетти бекемдөөчү витаминдер бар.

2020-жылдын апрель айынын аягында, баасы 1 миллион долларга  бааланган, жалпы салмагы 6,2 тонна болгон жүктүн биринчи партиясы  Ташкентке жеткирилген болучу.

Өзбекстанга келген гуманитардык жардамдарды, Түштүк Кореянын “BOMI Engineering”, “LH Corporation”, “Evergreen Motors”, “InfinityCo”, компаниялары, “Шинхан” университети, Түштүк Кореяда убактылуу иштеп жүргөн Өзбекстандын жарандары жана ал жакта билим алган студенттеринин колдоосу менен чогултулуп жиберилген.

https://uzreport.news/politics/yujnaya-koreya-otpravila-vtoruyu-chast-gumanitarnogo-gruza-v-uzbekistan