13.05.20

Өзбекстандын “UzAuto Motors” компаниясы Тажикстанга медициналык тез жардам унааларын гуманитардык жардам ирээтинде жиберди.

Компаниянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: «Бүгүнкү күндө дүйнөдө эпидемиологиялык  кырдаал курчуп турган мезгилде, тез жардам унааларына медициналык мекемелердин муктаждыгы кыйла өстү. Тез жардам унаалары пандемия учурунда бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүүсү үчүн “Damas” унаа маркасынын базасында жасалган тез жардам унаалары, Тажикстанга жөнөтүлдү» - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, ар бир унаа медицина персоналдары үчүн атайы кошумча жеке коргонуу жабдыктары менен жабдылган.

Унаалар Тажикстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине медициналык мекемелер арасында бөлүштүрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

https://uz.sputniknews.ru/society/20200513/14119879/UzAuto-Motors-otpravila-avtomobili-skoroy-pomoschi-v-Tadzhikistan.html