15.05.20

Өзбекстандын Самарканд облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон күндөн энергия алуучу электр станциясы курулат. Бул тууралуу, CentralAsia (UZ) маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тиешелүү буйрукка Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Күндөн энергия алуучу электр станциясын куруу боюнча, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги Францияга тиешелүү «Total Eren SA» компаниясынын ортосунда   инвестициялык келишимге кол коюлган болучу.

Курула турган күндөн энергия алуучу электр станциясынын иштөө мөөнөтү 25 жылга эсептелген.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында, Франциялык «Total Eren SA» компаниясы, Самарканд облусунда жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон күндөн энергия алуучу электр станциясын курууга 150 миллион евро өлчөмүндө инвестиция салганы кабарланган. Күндөн энергия алуучу электр станциясын 2021-жылдын биринчи кварталында пайдаланууга берүү пландаштырылган болучу.

https://www.aa.com.tr/ru/экономика/в-узбекистане-построят-солнечную-электростанцию-на-100-мвт/1841828