20.05.20

Өзбекстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон, алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча тендерге, дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн  70 компания  катышууга арыз берген. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Шамалдан энергия алуучу электр станциясы, Өзбекстандын карамагындагы  Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын  Караузяк районуна курулмакчы.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги: «Шамалдан энергия алуучу электр станциясын куруу боюнча биринчи долбоор, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу боюнча түзүлгөн, кызматташуу жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылат. Долбоордун негизги максаты, жалпы кубаттуулугу 1 ГВт болгон шамалдан энергия алуучу электр станцияларын куруу болуп саналат», - деп айтылат билдирүүдө.

Таза табигый энергия алуунун долбоору, Өзбекстандын өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан, ар тараптуу өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Жакынкы 10 жылдын ичинде, өлкөдө өсүп жаткан электр энергиясына болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн, үнөмдүү жана экологиялык таза, шамалдан энергия алуучу электр станцияларын көбөйтүү пландаштырылууда.

https://centralasia.media/news:1619556