26.05.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Тажикстанга кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул ирет салмагы 24 тонна  болгон антибиотик дары-дармектеринен турган жардам, Тажикстандын борбору Душанбе шаарына жеткирилди.

Душанбе шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Өзбекстан өкмөтүнөн алган жардамды, Душанбе шаарынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо башкармалыгына өткөрүп берилген” - деп билдирет.

Маалыматка ылайык, Душанбе шаарынын башчысы Рустам Эмомали, шаардын тийиштүү органдарына коронавирус илдетин жуктурган адамдарды акысыз дарылоо жана алынган дары-дармектерди максаттуу пайдаланууну катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, 9-апрель күнү Өзбекстан Тажикстанга дары-дармек, тамак-аш азыктары салынган 18 вагондон турган гуманитардык жардам жөнөткөн болучу.

https://centralasia.media/news:1620687