26.05.20

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,82 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, Өзбек Телеграф Агенттиги (ӨзТАГ) жазып чыкты.

Өзбекстан дүйнөнүн 150 ашык мамлекеттери менен соода алакаларын жүргүзөт. Алардын ичинен, тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Россия Федерациясы (16,7% пайыз), Кытай (16,6% пайыз), Казакстан (8,3% пайыз), Корея (7,4% пайыз), Түркия (5,6% пайыз), Кыргызстан (2,0% пайыз) жана Германия (2,0% пайыз) туура келет.

Акыркы жылдары өлкөдө өнөр жай өндүрүшүн жандандыруу, продукция өндүрүүнү көбөйтүү аркылуу,  экспортко чыгарылган товардын көлөмү дагы кыйла жогорулаган.

Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер менен мамилелерди чыңдоо, алар менен социалдык-экономикалык, соода, өнөр жай жана маданий чөйрөдө мамилелерди өнүктүрүү боюнча көп иштер аткарылууда.

Атап айтканда, акыркы жылдары коңшу мамлекеттер  Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Афганистан менен тышкы соода жүгүртүүдө олуттуу өзгөрүүлөр болду.

Башка мамлекеттер менен тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү (коңшу мамлекеттерден башка) Россия, Кытай, Корея жана Түркияга мамлекеттерине туура келет.

Өзбекстандын активдүү тышкы экономикалык байланышы бар 20 ири өнөктөш мамлекеттин алдынкы сабында алты өлкө, атап айтканда Афганистан (213,7 миллион доллар), Кыргызстан (138,8 миллион доллар), Тажикстан (93,7 миллион доллар), Түркия (42,8 миллион доллар), Франция (23,6 миллион доллар) жана Иран (8,0 миллион доллар) менен активдүү тышкы соода алакасы бар.

https://uztag.info/ru/news/vneshnetorgovyy-oborot-uzbekistana-dostig-10-82-mlrd