27.05.20

«Узбекозиковкатхолдинг» компаниясы 2020-жылы, Кыргызстанга 3,320 тонна алча экспорттогон. Бул тууралуу, компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Компаниянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин өзбек ишкерлери 31 миллион доллардан ашык суммадагы 15,7 миң тонна алча экспорттошкон.

Быйыл Өзбекстандын таттуу алчасынын экспортунун көп бөлүгү Казакстан, Россия жана Кыргызстан өлкөлөрүнө туура келди. Казакстан негизги сатып алуучу катары 7 миң 700 тонна, Россия 4 миң 551 тонна алча сатып алган.

Ошондой эле, Беларусь, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) Польша, Кытай, Түштүк Корея, Түркмөнстан жана Таиланд өлкөлөрүнө да экспорттолгон.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-eksportiroval-v-kyrgyzstan-v-etom-sezone-svyshe-3-3-tonn-chereshni/