27.05.20

Өзбекстан ички туризмди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча, комплекстүү чараларды ишке ашырууну ниеттенүүдө. Чаралардын негизгилеринин бири, туристтер үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун жаңы “Uzbekistan. Safe travel guaranteed” (Өзбекстан, кепилдиги бар коопсуз саякаттоо) системасы түзүү болуп саналат. Киргизилип жаткан жаңы эрежелер тууралуу, 27-май күнү өлкө башчысына тиешелүү органдар маалымат беришти.

Президент Шавкат Мирзиёев  туризм тармагын, пандемиядан кийин кайрадан жандандыруу үчүн, алгач өлкө ичиндеги региондордун ортосунда ички туризмге уруксат берүү керек экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, тоолуу райондордо жана көлдөрдүн жээктеринде жеңил конструкцияларды колдонуу менен эс алуу борборлорун уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрүн берди.

Экинчи этапта коронавирус илдети боюнча, абалы туруктуу  мамлекеттердин тизмесин түзүп, алар менен туристтик мамилелерди акырындык менен калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Пандемиядан жапа чеккен туризм тармагындагы ишкерлер жакынкы 1-2 жылда чыгымдарын калыбына келтириши күмөн. Ушуга байланыштуу, президент бул тармакка кошумча жеңилдиктер менен преференцияларды берүү зарылдыгын белгиледи.

Тактап айтканда, мурда берилген туристтик төлөмдөрдөн бошотуу, жылдын акырына чейин узартылат.

Эскерте кетсек, Өзбекстан 16-марттан баштап чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн жабык болучу. Натыйжада 1,5 миңден ашык туроператорлор жана 1,2 миң мейманканалар өз ишин токтотушкан. Пандемиянын кесепеттерин азайтуу үчүн туризм тармагына бир катар жеңилдиктер берилген. Тактап айтканда, 1750 субьектиге мүлк салыгы, жер жана социалдык салыктар боюнча 60 миллиард сум суммасында жеңилдиктер берилген.

https://podrobno.uz/cat/podrobno/uzbekistan-budet-vosstanavlivat-turizm-za-schet-sistemy-uzbekistan-safe-travel-guaranteed-segodnya-e/