04.06.20

Өзбекстан Түркия менен бир мезгилде чет элдик туристтерди кабыл алууну баштайт. Бул тууралуу 3-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев видео конференцияда учурунда билдирди.

Президент Шавкат Мирзиёев: «Азыркы учурда, Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар чет элдиктер  туристер үчүн эшигин качан ачса, биз дагы ошол учурда сырттан келген туристерди кабыл алып баштайбыз. Түркия тарап качан жана кайсыл жерде, биздин туристерди  кабыл алууга даяр болсо, биз дагы ошол учурга даярбыз. Биз дароо эле өзүбүздүн туристерибизди учактарыбыз менен  Түркияга жөнөтөбүз» - деп билдирди.

Ошондой эле, Мирзиёев өлкөнүн элүүгө жакын райондору жана шаарлары “кызыл” жана “сары” карантин зоналарында тургандыгын баса белгиледи. Мамлекет башчысы, карантиндик талаптарды жеңилдетип, ошол эле учурда аларды сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырды. Өлкө башчысы: «Биз мындай шарттарда иштөөнү жана жашоону үйрөнүшүбүз керек. Башка жолу жок. Азыркы учурда, 50% пайыз карантин жана 50% пайыз экономика иштөөсү керек» - деп билдирип өттү.

Буга чейин, Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Азиз Абдухакимов, эл аралык аба каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштаган. 1-июндан тарта, Өзбекстанда ички туризмге уруксат берилген болучу.

https://knews.kg/2020/06/04/uzbekistan-vozobnovit-priem-inostrannyh-turistov-odnovremenno-s-turtsiej/