06.06.20

Кытай Өзбекстанга товар жеткирүү үчүн жаңы темир жол каттамын ачты. “The Global Times” басылмасы билдиргендей, биринчи жүк ташуучу поезд 5-июнь күнү, Кытайдын Ланчжоу шаарынан (Ганьсу провинциясы) Ташкент шаарына жөнөп кеткен.

Алгач товарлар, Кытай Элдик Республикасынын батышындагы Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун Кашгар шаарына келип түшүрүлөт. Андан соң автоунааларга жүктөлүп, Кыргызстандын Кытай менен чектеш болгон Иркештам чек ара постуна  жеткирилип, ал жерден Ош шаарына алынып келинет. Ош шаарынан товарлар темир жол аркылуу маршруттун эң соңу болуп эсептелген Ташкент шаарына  жөнөтүлөт.

“Chinalogist.ru” басылмасынын маалыматына ылайык, Кытайдын Ланчжоу шаарынан, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына  жиберилген биринчи поезд $ 2,6 миллион долларга бааланган 230 тонна электр жабдыктарын жеткирип бармакчы. Артка карай кайткан сапарында, Кытайга  $1 миллион долларга бааланган салмагы  525 тонна болгон Өзбекстанда өндүрүлгөн пахта кездемелерин алып келүүсү күтүлүүдө.

Жаңы ачылган темир жол маршуртунун узундугу 4.380 километр аралыкты түзүп, товарды жеткирүү 7-10 күнгө созулат. Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга өтүүчү жол, Хоргос (Кытай жана Казакстандын чек арасында жайгашкан калктуу конуш) аркылуу өткөн жолго караганда болжол менен 300 километрге чейинки аралык  кыскарат. Ал эми, жолго кеткен убакыт 5 күнгө чейин салыштырмалуу аздык кылат.

Келечекте, Кытайга тиешелүү “China Railway Express” темир жол компаниясы, Борбордук Азия аркылуу Европага темир жол менен товар ташууну өнүктүрүү пландары бар.

https://fergana.news/news/118865/