08.06.20

Өзбекстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу,  «Казинформ» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин көрсөтмөсүнүн негизинде, гуманитардык жардам даярдалып, Казакстандын Түркстан шаарына жүк ташуучу унаалар менен жеткирилген.

Өзбекстан Казакстанга 150 миң даана медициналык беткап, 2,5 миң даана коргоочу костюм, 150 миң даана медициналык кол кап, 1 миң даана термометр жана 440 даана керебеттерди жөнөткөн.

Бул гуманитардык жардам, Түркстан облусунун медициналык мекемелерине таратылып берилген.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/52568