09.06.20

Бириккен Араб Эмиратына (БАЭ) тиешелүү “Masdar” эл аралык компаниясы, Өзбекстандын Навои облусуна дүйнөдөгү эң ири шамалдан энергия алуучу станциясын курат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги билдирди.

Кубаттуулугу 500 МВт болгон, шамалдан электр энергиясын алуучу станциясын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө инвестициялык келишимге эки тарап кол коюшкан.

Навои облусунда курула турган, шамалдан энергия алуучу электростанция, жаңы жумушчу орундарын түзүп гана чектелбестен, арзан электр энергиясын өндүрүүнү ишке ашырат. Өндүрүлгөн энергия  500 миң үйдү электр жарыгы менен  камсыздоого  жетиштүү болот.

Станциянын курулушуна, заманбап технологияларды колдонуу менен буга чейин электр энергиясын өндүрүүгө керектелип келген 175 миллион кубометрге чейин жаратылыш газын үнөмдөп калууга мүмкүн болот. Ал эми, атмосферага көмүр кычкыл газынын чыгарылышын жылына 1,1 миллион тоннага чейин кыскартууга жардам берет.

Курулуш иштерин 2023-жылы аягына чыгаруу пландаштырылган.

Эскерте кетсек, “Masdar” компаниясы үчүн бул Өзбекстандагы экинчи ири долбоор болуп саналат. Былтыр октябрь айында, Навои облусунда 100 МВт күндөн электр энергиясын алуучу станциясын куруу боюнча тендерди утуп алышкан. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге, 2020-жылдын январь айында кол коюлган болучу.

https://www.uzreport.news/economy/v-navoiyskoy-oblasti-postroyat-odnu-iz-samih-bolshih-vetryanih-elektrostantsiy-v-mire