12.06.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги (TİKA) 5 миң даана медициналык жеке коргонуу каражаттарын Өзбекстанга гуманитардык жардам катары жиберди. Келген гуманитардык жардам, Өзбекстандын Улуттук инновациялык саламаттыкты сактоо палатасына өткөрүлүп берилди.

12-июнь күнү, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги (TİKA) тарабынан гуманитардык жардамды, Өзбекстанга өткөрүп берүү иш чарасы болуп өттү.

Бул жолу келген жардамдын ичинде, эки түрдүү коргоочу көз айнектер, кол каптар, бут кийимдер, көп жолу колдонула турган коргоочу  №95 үлгүсүндөгү бет  маскалар дагы бар.

Гуманитардык жардам Өзбекстандын Улуттук инновациялык саламаттыкты сактоо палатасынын аймактык бөлүмдөрү аркылуу облустарындагы медициналык клиникаларга таратылып берилет.

Эскерте кетсек, 30-апрель күнү Түркия гуманитардык жардамдын биринчи партиясын Өзбекстанга жиберген болучу.

https://centralasia.media/news:1625059