16.06.20

Ташкент шаарындагы, Ташкент метросуна кошумча дагы “Юнусабад” жана “Туркистон” метро линияларын куруу иштери аяктады. Бул тууралуу, «Trend» маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, узундугу 2,9 километр болгон бул эки метро линиясы "Шахристан" станциясына туташтырылды.

Жаңы эки линиянын курулушуна 103,8 миллиона доллар акча каражаты коротулган.

«Trend» маалымат агенттиги:  «Юнусабад району, Ташкент шаарынын калк жыш отурукташкан райондорунун бири, ошондуктан 2001-жылдын август айында, бул участокто узундугу 7,6 километр болгон алты станциядан турган Юнусабад метросунун биринчи линиясы ишке кирген болучу» - деп айтылат билдирүүдө.

Февраль айында Ташкент шаарынын метросунун  “Дустлик-Куйлук” деп  аталган участогунда 6 даана жер үстүндө жайгашкан станциясынын курулушу аяктады. Келечекте бул метро линиясы Ташкент шаары жана Ташкент облусунун борбору болгон Нурафшан шаарын бириктирмекчи.

https://www.trend.az/casia/uzbekistan/3255256.html