17.06.20

Эл аралык рейтинг боюнча, Өзбекстан дүйнөдө өрүктү ири өлчөмдө өндүргөн он мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу, Podrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.

Учурда, Өзбекстан өзү өндүргөн өрүктөрүн тогуз өлкөнүн базарларына жеткирип сатып жаткан учуру. Быйыл 2020-жылы, 11,200 тонна өрүктү (10 миллион 900 миң доллар) сыртка экспорттогон.

Азыркы мезгилде, Өзбекстандан ири көлөмдө өрүк сатып алып жаткан мамлекеттер Казакстан, Россия жана Кыргызстан болуп саналат. Мындан тышкары, Азербайжан, Грузия жана Түркмөнстанга  алып барып сатуу иштери дагы жолго коюлган.

https://podrobno.uz/cat/obchestvo/uzbekistan-voshel-v-pervuyu-desyatku-proizvoditeley-uryuka-v-mire/