21.06.20

Өзбекстан "Uzbekistan — My Second Home" ("Өзбекстан менин экинчи үйүм") программасынын негизинде, иммиграциялык визанын жаңы түрүн киргизүүнү пландаштырууда.

Жаңы виза, арбын кирешеси жана жогорку академиялык билими бар чет өлкөлүктөрдү өлкөгө келүүсүнө жол ачат  деп күтүлүүдө.

Ошол эле учурда келген чет өлкөлүк имигранттар, өлкөнүн архитектура, билим берүү, курулуш, дизайн, маалыматтык технологиялар жана башка тармактардын өнүгүшүнө салымдарын кошуулары күтүлүүдө.

Өзбекстанда "Uzbekistan — My Second Home" ("Өзбекстан менин экинчи үйүм") программасы, президенттин 2020-жылдын 19-июнь күнү кол койгон “Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кошумча чаралар жана санитардык эпидемиологиялык коопсуздук эрежелеринин талаптарын так сактоо” - деп аталган жарлыгынын алкагында ишке ашыруу пландаштырылууда.

Жаңы визаны,  2021-жылдын 1-январынан баштап берүү пландаштырууда.

https://uz.sputniknews.ru/society/20200621/14381564/Uzbekistan-vvedet-novuyu-immigratsionnuyu-vizu-dlya-bogatykh-i-obrazovannykh.html