25.06.20

Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңеши ушул жылдын 25-июнь күнү, Өзбекстанга бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн 500 миллион доллар өлчөмүндө акча каражатын бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу, Өзбекстан Республикасынын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүнгөн каражаттар макроэкономикалык туруктуулукту, экономикалык тармактардын үзгүлтүксүз иштеп туруусун камсыз кылууга, ошондой эле пандемия учурунда калкты натыйжалуу социалдык колдоого багытталат.

Мындан тышкары, каражаттар өпкөнү желдетүүчү механикалык аппараттарды, тест системаларын, жеке коргонуу медициналык каражаттарды сатып алууга жумшалат.

https://centralasia.media/news:1627911