25.06.20

Ушул жылдын июнь айында, Өзбекстанда алгачкы жолу өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппараты чыгарылды.

Жогорку технологиялык медициналык жабдууларды “Яшнабад” инновациялык технопаркында жайгашкан «Хирана+» компаниясы тарабынан чыгарылды.

Мындан тышкары, Өзбекстанда өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу жана наркоз берүүдө колдонулуучу медициналык жабдыктарын өндүрүү боюнча, заводунун курулуш иштери дагы жүрүүдө. Аны, Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлиги жана Медициналык жабдууларды өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырып жатышат.

«Хирана+»  компаниясынын башкы директору Василий Шимко: “2020-жылдын август айында, Орто Азия региону үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, Өзбекстанда өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу жана наркоз берүүдө колдонулуучу медициналык жабдыктарын өндүрүү боюнча заводунун курулуш иштерин баштоо пландалууда. Ошондой эле өндүрүлгөн аппараттарды колдонууну адистерге үйрөтүү боюнча, семинарларды өткөрүү үчүн тейлөө жана окутуу борборун түзүү пландаштырылууда” - деп билдирди.

Анын айтымында, заводдун курулушуна 8 миллион доллардан ашык каражат жумшалмакчы. Мындан тышкары, жүзгө жакын жумушчу оруну түзүлөт.

2020-жылын аягына чейин, завод 100 даана өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппаратын чыгарат деп күтүлүүдө. Келечекте, өндүрүштүн көлөмүн жылына 500 даана өпкөнү жасалма түрдө дем алдыруучу аппараты жана 500 даана наркоз берүүчү медициналык жабдыктарын өндүрүүгө чейин көбөйтүү пландалууда.

Өндүрүлгөн медициналык жабдууларды Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Афганистанга сатуу пландаштырылууда.

https://uz.sputniknews.ru/society/20200625/14413874/V-Uzbekistane-proizveli-pervyy-otechestvennyy-apparat-IVL.html