26.06.20

Өзбекстан “Volkswagen” үлгүсүндөгү жеңил коммерциялык унааларын чыгарууну баштамакчы. Бул тууралуу, Өзбекстандын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Өзбекстанда Германиянын автоунааларын өндүрүү эки баскычта өнүгөт. Биринчи этапта, 2020-2021-жылдар аралыгында, Германиядан өндүрүлүп келген даяр автоунаалар сатылып баштайт. Ошондой эле Ташкент, Фергана жана Жизак шаарларында дилердик сатуу жана тейлөө тармактары түзүлөт. Жизак автомобиль заводунун кызматкерлери унааларды чогултуу жана сапатын контролдоо боюнча атайын окуудан өтүшөт.

Экинчи этабында болсо, 2021-жылдын 1-ноябрь күнүнөн тарта, автомобиль өндүрүү боюнча атайы инвестициялык келишим түзүлмөкчү. “Жизак” автомобиль заводунун башкы директору Ойбек Аюбовдун айтымында, экинчи этаптын алкагында, унааларды “Жизак” автомобиль заводунда  толук кандуу  өндүрүп баштоо иштери каралган.

Жизак автомобиль заводунун башкы директору  Ойбек Аюбов: «Завод тарабынан өндүрүлүп жана сатыла турган “Volkswagen” үлгүсүндөгү автоунаалар эки же үч жылга кепилдик менен сатылат» - деп билдирди. Өткөн жылы, Өзбекстанга 132 миллион долларга 18 миң жеңил коммерциялык автоунаалар сырттан импорттолуп келген болучу.

Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында «Узавтосаноат» жана «Фольксваген Групп Рус» концерндери “Жизак” автомобиль заводунун базасында жеңил коммерциялык автоунааларды өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан болучу.

https://bars.media/?p=83623