04.07.20

Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында, Кыргызстанга Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүктөр, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык аба каттамы  аркылуу Бишкек шаарына жеткирилген.

Гуманитардык жардамдын ичинде, кычкылтектин мобилдик концентраттары (50 комплект) жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу  аппараттары (100 даана) дагы бар.

https://www.akchabar.kg/ru/news/v-kyrgyzstan-pribyl-gumanitarnyj-gruz-iz-uzbekistana/