07.07.20

Өзбекстанда мурда иштелип чыккан “Фавипиравирдин” дарысынын негизинде "Ковипир" аттуу коронавирус инфекциясына каршы жаңы препаратты даярдап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу, Өзбекстан Республикасынын Фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Nobel Pharmsanoat” фармацевттик  компаниясынын сапат боюнча директору Шамшод Шариповдун айтымында, бул дарыга болгон патент Япониянын “Toyama Chemical” компаниясына таандык.

Шамшод Шарипов: «Бул дары грипп, респиратордук вирустарга каршы жана коронавирусту дарылоодо оң таасири бар экендиги далилденген. Аны Японияда 2020-жылдын февраль айынан бери коронавирус менен ооругандарды дарылоодо колдонулуп келет. Ушул айдан баштап, Кытайдын “Zhejiang Hisun Pharmaceutical” компаниясы  "Фавилавир" бренди менен чыгарып баштады. Россияда болсо Авифавир бренди менен май айында өндүрүлүп, бейтаптарга колдонулуп баштаган болучу» - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ковипир” дарысы алгач Өзбекстандын муктаждыктары үчүн өндүрүлөт.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-ozhidaetsia-zapusk-proizvodstva-novogo-preparata-protiv-koronavirusa/