07.07.20

Өзбекстандын Фергана облусу Кыргызстандын Баткен облусуна гуманитардык жардам катары 6 миллион 300 миң сом (81 миң доллардан ашык) суммасындагы медициналык жабдууларды гуманитардык жардам катары берди. Гуманитардык жардамдын курамына медициналык коргонуу шаймандары жана диагностикалык лабораториялык жабдыктары  кирет.

Келген гуманитардык жардам, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде уюштурулган.

Баткен облусунун жетекчилиги оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн Өзбекстандын президентине жана Фергана облусунун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 8 тонна гуманитардык жардам жөнөткөнү кабарланган.

https://centralasia.media/news:1630459