22.07.20

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында, Өзбекстанда өздөштүрүлгөн чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 4,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинде, тикелей чет өлкөдөн келген инвестициялар 3,2 миллиард долларды жана мамлекеттик кепилдиги менен алынган тышкы насыя 1,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстан Республикасынын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда, өткөн 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,2 эсе (2019-жылы 2,6 миллиард долларды түзгөн) өсүш болгон. Өлкөгө келген, чет элдик инвестициялардын өздөштүрүү иштери өткөн жылга  салыштырмалуу  29,5% пайызга чейин жогорулаган.

Азыркы мезгилге чейин, 494 долбоор ишке кирип 28 даана ири өнөр жай ишканалары жана 466 аймактык маанидеги өнөр жай объектилери пайдаланууга берилген.

Түркия, Россия, Кытай жана Германия өлкөлөрү, Өзбекстандын экономикасына инвестиция тартуу боюнча лидерлер болуп калышты, өлкөнүн экономикасына инвестиция салган өлкөлөрдүн жалпы саны 37 болду.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-s-nachala-goda-osvoeno-svyshe-4-8-mlrd-inostrannykh-investitcii/