01.09.20

Өзбекстандын өкмөтүнүн чечимине ылайык, “Jizzakh Petroleum” компаниясы жаңы уникалдуу газды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун негизги инвестору болуп жарыяланган. Заводдун куруу иштери 2019-жылдын май айында башталган болучу.

Мындай масштабдуу жана техникалык жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон  газды кайра иштетүүчү завод Орто Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерде  дээрлик жокко эсе. Заводду Бухара облусунун аймагына куруу чечими кабыл алынган. Заводду иштетүүдө жергиликтүү табигый газ пайдаланылат. Негизинен жаңы заводдо олефин жана полимер химиялык сырьёлору өндүрүлөт.

Бул курулуш бүткөрүлүп ишке берилсе өлкөнүн текстиль, химия, фармацевтика тармагын жана экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу. Мындан тышкары, импорттун көлөмүн азайтып, Өзбекстандын аймактагы энергетика тармагындагы лидерлик ролун бекемдейт.

Газды кайра иштетүүчү комплексинин куруу иштери аягына чыгарылса, жылына 500 миң тонна олефин жана 1,5 миллиард куб метр табигый газды кайра иштетип, андан жогорку сапаттагы полимер өндүрүүгө жөндөмдүү болот.

Эскерте кетсек, жогорку сапаттагы полимер дүйнөлүк экономиканын көп тармактарында кеңири колдонулат.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-postroiat-unikal-nyi-gazokhimicheskii-kompleks/