08.09.20

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сооданын көлөмү,  Өзбекстан тараптын эсебинде, эки жылда 3,2 эсеге  көбөйгөн. Бул тууралуу, «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары ортодогу соода-экономикалык кызматташтык «болуп көрбөгөндөй кызыды», соода-сатык 2017-жылы 253 миллион доллар болсо, 2019-жылы 829 миллион долларга жеткен. Быйылкы жылдын биринчи жарымында, бул көрсөткүч 470 миллион доллар болуп, анын 399 миллион доллары Кыргызстанга багытталган экспорттук товарлар түзгөн.

Элчи бул Өзбекстан тараптын расмий статистикасына негизделген маалымат экенин, Кыргызстандыкынан кыйла айырмаланып турарын, ошондуктан эсептөө ыкмаларын изилдеп, орток статистиканы түзүш үчүн биргелешкен жумуш тобу түзүлмөй болгонун кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, 2018-жылы кыргыз-өзбек соода-сатыгынын көлөмү 336,5 миллион долларды түзгөн.

Эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык мамилелер 2016-жылы Өзбекстанда жетекчилик алмашканда өзгөрүп, мурдагы жылдарга салыштырганда кыйла өнүгө баштаган.

https://www.azattyk.org/a/30827071.html