11.09.20

Өзбекстан логистикалык максатта, Пакистандын эң ири деп эсептелинген үч деңиз портун пайдаланууну көздөөдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 10-сентябрь күнү, Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков, Пакистанга болгон официалдуу иш сапарынын алкагында, Пакистандын деңиз иштери боюнча федералдык министри Али Хайдер Заиди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки тараптуу транспорттук-логистикалык тармагында кызматташууну кеңейтүү жана транспорттук инфраструктураны  өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн базарларына товарлардын эркин кирип чыгуусун камсыз кылуу менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүн боло тургандыгын белгилешти.

Пакистан тарап, өзүнө тиешелүү болгон “Гвадар”, “Карачи” жана  “Касым” деңиз портторун, Өзбекстандын пайдалануусуна жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн техникалык консультация берүүгө даяр экедигин билдирди. Бул максатта, Пакистанга Өзбекстандан жакынкы аралыкта транспорт тармагы боюнча адистердин тобу  жиберилмей болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында,  Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана Пакистандын Деңиз иштери боюнча министрлиги ошондой эле Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясы (PNSC) ортосунда жумушту топ түзүү боюнча келишимге келишти. Жогорудагы жумушчу топтун негизги максаты деңиз портторун пайдалануунун механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.

https://centralasia.media/news:1645639