15.09.20

Түштүк Кореялык “Kia Motors Corporation” автомобиль куруучу компаниясы, Өзбекстанда жаңы үлгүдөгү автоунааларын чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу, компаниянын официалдуу сайтында жарыяланган. 2020-жылдын ноябрь айында, Жызак облусунда жайгашкан “ADM-Jizzakh” машина заводунда,  бизнес-классындагы  “Kia K5”  жеңил унаа жана “Kia Seltos” үлгүсүндөгү жол тандабас автоунаалардын алгачкы ирет өндүрүлүп чыгуусу күтүлүүдө.

Биринчи этабында, завод жылына 25 миң даана автоунаа чыгарууну пландап жатат. Андан соң, жылына 100 миң даанага чейин көбөйтүү мерчемделип жатат. Келечекте “ADM-Jizzakh” заводунда дүйнөгө белгилүү болгон дагы бир нече маркадагы автоунаалар өндүрүлмөкчү.

Азыркы учурда, “KIA” маркасындагы унааларды жасоо үчүн курулуп жаткан устаканасы (линиясы) “KIA Motors” компаниясынын Россияда жайгашкан аймактык штаб-квартирасы тарабынан көзөмөлгө алынууда.

Өзбекстандын аймагында өндүрүлгөн бул автоунаалар, мурдагы  Советтик өлкөлөрдүн (СНГ) базарларында сатыкка чыгарылмакчы.

Эскерте кетсек, “Kia Motors Corporation” компаниясы,  Түштүк Кореяда автоунаа өндүрүү боюнча экинчи орунда жана дүйнөдө жетинчи орунда турат. Компания 1944-жылы негизделген. “KIA” аталышы “Дүйнөгө Азиядан келип кирүү” деп чечмеленет.  “Kia Motors Corporation” компаниясынын автоунаа өндүрүүчү заводдору Түштүк Корея, Түркия, Түндүк Америка, Кытай, Индия, Словакия, Германия жана Россия өлкөлөрүндө бар.

https://turkmenportal.com/blog/30402/noveishie-modeli-kia-budut-vypuskat-v-uzbekistane