21.09.20

Өзбекстан январь жана август айларынын ичинде 5,8 миллиард долларга бааланган алтын экспорттогон.

Мамлекеттик Статистика комитетинин берген маалыматында бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 147,2% пайызга же 1,8 миллиард долларга көптүк кылат.

Алтындын экспорту жалпы өлкөнүн 8 айдын ичинде жасаган экспортунун 50 пайызын түзөт.

Мамлекеттик Статистика комитетинин берген отчётунда август айында эле Өзбекстан 2,5 миллиард долларга алтын саткан.

Ал эми, акыркы 8 айдын ичинде өлкөнүн тышкы соодасынын жалпы көлөмү 24,5 миллиард долларды түзгөн. Июль айында Өзбекстан 11,6 тонна алтын саткан болучу. Мындай көрсөткүч, өлкөнү дүйнөдөгү эң ири алтын сатуучу мамлекеттердин катарына кошот. Монголия болсо июль айында  6,1 тонна алтынды сатууга жетишип, экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле июль айында Россия  жана Германия өлкөлөрү жарым тоннадан алтын сатышкан.

https://slon.kg/2020/09/21/uzbekistan-ustanovil-novyj-rekord-po-prodazham-zolota-za-8-mesyaczev/