23.09.20

Өзбекстан өкмөтүнүн токтому менен жылдын бардык сезонунда, туристтерге кызмат  көрсөтө турган «Бельдерсай-Чимган-Нанай» аттуу эл аралык стандартка жооп берген, курорттун курулушунун  планы иштелип чыкты. Курорт Ташкент облусуна караштуу, Бостанлык  районунда орун алмакчы.

“Ноома” маалымат агенттигинин билдиришинче, Франция мамлекетине тиешелүү болгон, жеке сектор тармагында  изилдөө жүргүзгөн “FASEP” фондунун көмөгү менен  жана франциялык «Geode», «Manie Lives», «Egis», «Patriarche», «Epode» компаниялары биргелешип курорттун курулушунун планын иштеп чыгышкан.

Түзүлгөн план боюнча жаңы курорттун курулушуна, жалпысынан $500 миллион доллар инвестиция тартуу каралган. Инвесторлордон сырткары, Франциянын өкмөтүнүн финансылык  институттары дагы акча каражаттарын бөлүүсү күтүлүүдө. Келген финансылык каржылар, туризмде маанилүү болгон жолдор, транспорт жана коммуналдык  инфраструктураны курууга коротулмакчы.

Таратылган маалыматта, Франциянын өкмөтү долбоорду ишке ашыруу үчүн 47,9 миллион евро бөлүп бермей болду.

Франциялык өнөктөштөрдөн сырткары, Өзбекстанга тиешелүү «Узнацбанк» банкы «Бельдерсай-Чимган-Нанай» курортунун коммуналдык жана туристтик  инфраструктурасынын  курулушуна 7 жылдык мөөнөт менен  $20 миллион доллар акча каражатын бөлүп бермекчи.

https://centralasia.media/news:1648124