19.10.20

Өзбекстандын вице-премьер министри Сардор Умурзаков башка өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте, 2020-2023-жылдар аралыгында Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүү боюнча, кабыл алынган комплекстүү иш чаралар боюнча талкуу жүргүздү.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө, вице-премьер министри Сардор Умурзаков тарабынан, Каракалпакстан Автономиялуу Республикасын комплекстүү өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча, конкреттүү тапшырмалар берилди. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстандын вице-премьер министри Сардор Умурзаков жыйын өткөргөнгө чейин, атайын түзүлгөн комиссия  17-18 октябрь күндөрү Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын аймактарын жана Нукус шаарын кыдырып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан мурда берилген, Каракалпакстандын  социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тапшырмасын ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүшкөн.

Атайын түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын экономикалык абалды жакшыртуу боюнча   берген сунуштарын эске алып, конкреттүү ишке ашырыла турган тапшырмаларды тактап келишкен болучу.

Азыркы учурда, өкмөт тарабынан аймактын социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүү  боюнча, конкреттүү иш чаралар иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, социалдык-экономикалык абалы салыштырмалуу начар деп эсептелинген  45 айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча, түзүлүп жаткан атайы программанын даярдоо иштери кандай жүрүп жаткандыгы талкууланды.

Ошондой эле, айыл чарбасын жана өндүрүштү өнүктүрүүгө жана калкты жумуш менен камсыз кылууга багытталган инвестициялык долбоорлорго байланышкан маселелер каралды.

https://centralasia.news/7787-uzbekistan-budet-razvivat-socialno-jekonomicheskuju-sferu-karakalpakstana.html