21.10.20

Алгачкы ирет эл аралык «Хэбэй Гаои-Хоргос-Ташкент»  темир жол маршруту менен товар ташыган поезд, Кытайдан Өзбекстанга сапар алды. Бул тууралуу, 21-октябрь күнү Кытайга тиешелүү болгон «Жэньминь жибао» газетасы жазып чыкты.

Поезд, 12-октябрь күнү жолго чыккан болучу. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына 25-октябрь күнү жетип келүүсү күтүлүүдө.

Өзбекстандын чек арасына киргенге чейин, поезд Хоргос бажы чек ара өткөрүү пунктунан, баардык талапка ылайык продцедурадан өткөн соң, Ташкент шаарына сапар алат.

Эскерте кетсек, поезд мультимодалдык коридор болуп эсептелген “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” маршруту менен жолго чыккан болучу. 50 даана вагондон турган поезд, Өзбекстанга медициналык каражаттар, автомобиль тетиктери, өндүрүштө колдонулуучу техникалык жабдыктар жана башка күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды алып келе жатат. Жалпысынан жолдо келе жаткан товардын суммасы 30 миллион юанга  (Кытай акча бирдиги)  бааланат. 

Жогорудагы (мультимодалдык Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан маршруту) темир жол маршруту, Кытай өкмөтүнүн “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында иштелип чыккан. 

https://rossaprimavera.ru/news/c70e29b9