01.11.20

Ташкент облусунун акими жана Сингапурга тиешелүү «Universal Success Enterprises» компаниясы биргелешип, «Нурафшон сити» деген аталыштагы акылдуу шаар курууну макулдашышты.

«Нурафшон сити» акылдуу шаарынын курулушу үч этаптан болоору жана ага жумшала турган каражаттын көлөмү, шаардын проектиси даярдалып бүткөндөн кийин белгилүү болмокчу. Бул тууралуу, «Gazeta.uz» маалымат агенттиги билдирген.

Акылдуу шаарды куруу боюнча келишимге, онлайн форматында Ташкент облусунун акими Рустам Холматов жана «Universal Success Enterprises» компаниясынын жетекчиси Прасун Мукерджи мырза кол коюшкан.

Келечекте, курулушу күтүлүп жаткан шаарча болжол менен 2 миң 833 гектар жер аянтын ээлемекчи. Сингапурдук адистер 2021-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин, курулуштун долбоорунун техникалык экономикалык негиздемесин даярдап беришмекчи.

Акылдуу шаардын курулушуна жумшала турган акча каражаттары, чет өлкөлүк түз инвестициянын же эл аралык финансылык институттардын (“Universal Success Enterprises Limited” компаниясы инвесторлорду тартуу иштерин өз жоопкерчилигине алат) эсебинен каржыланмакчы.

http://www.eurasiatoday.ru/breaking-news/1697-сингапурская-компания-построит-в-узбекистане-первый-умный-город-в-центральной-азии.html