01.11.20

Өзбекстанда жыл башынан бери (январь жана сентябрь айларынын аралыгында) өздөштүрүлгөн чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү $7,2 миллиард долларды түзгөн. Анынын ичинен, $4,9 миллиард доллар тикелей келген инвестиция калган $2,3 миллиард доллар эл аралык финансылык институттардан келген каражат болуп эсептелет. Бул тууралуу, “uzreport.news” маалымат агенттиги билдирген.

Өзгөчө чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктырган электротехника (Бул тармактагы өсүш өткөн 2019-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 25 эсеге өсүш болгон) тармагы болуп чыккан.

Андан кийинки орунда, информациялык-коммуникациялык технология тармагы (өсүш 3,6 эсе), жана химия тармагы (1,2 эсе) болгон.

Өзбекстанга инвестициялык акча каражатын бөлүп берген, эл аралык финансылык институттардын ичинен, Япония өкмөтүнө караштуу “JICA” жана “JBIC2 (жалпы инвестициянын 20% пайызы же $470,8 миллион доллар), Азиялык өнүктүрүү банкы (АӨБ) (жалпы инвестициянын 16,6% пайыз же $380 миллион доллар), Дүйнөлүк банк (ДБ) (11,2%, пайыз же $256,8 миллион доллар), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) (3,6%, пайыз же $81,2 миллион доллар) сыяктуу уюмдар акча каражаттарын инвестиция катары бөлүп беришкен.

Келген каражаттар нефти жана газ тармагына ($884,3 миллион), айыл жана суу чарба тармагына ($461,9 миллион), химиялык өндүрүш ($272 миллион), энергетика тармагына ($205,7 миллион), транспорт-логистика секторуна ($171 миллион), саламаттыкты сактоо ($70,0 миллион) жана билим берүү тармагына ($32,4 миллион) салынган.

https://kant.kg/2020-10-30/uzbekistan-osvoil-s-nachala-goda-72-mlrd-inostrannyh-investiczij/