03.11.20

Ташкент шаарында Өзбекстандын вице-премьер министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын вице-премьер министри Роман Склярдын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу,  “SNG.Today” маалымат порталы билдирди.

Тараптар өзгөчө эки өлкөнүн ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү жана эки мамлекеттин аймактарынын ортосундагы соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча талкуу жүргүзүштү.

Вице-премьер министрлердин айтымында, Казакстандын жана Өзбекстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун ортосундагы ийгиликтүү кызматташууларынын негизинде, эки тараптуу товар жүгүртүү, бажы номарларына керектүү өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, заманбап логистикалык борборлордун курулушу, бажы өткөрмө пунктуларын реконструкциялоо жана модернизациялоонун негизинде, эки мамлекеттин товар жүгүртүүсүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү мүмкүн боло экендиги белгиленди.

Өзбекстандын жана Казакстандын вице-премьер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында, эл аралык соода-экономикалык  кызматташууну жандантуу үчүн “Борбордук Азия” соода экономикалык борборун түзүү боюнча келишимге кол коюлду.

Ошондой эле тараптар товар жүгүртүүнү тоскоолдуксуз камсыз кылуу үчүн “жол картасын” кабыл алууну макулдашышты.

Сардор Умурзаков жана Роман Скляр эки өлкөнүн үзгүлтүксүз товар жүгүртүү процессине, жеке сектордун өкүлдөрүн дагы активдүү катышуулары керек экендигин белгилеп өтүштү. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн чоң шаарларынын ортосунда, эл аралык автобустук маршруттарды ачуу жана тез ылдамдыкта жүрүүчү темир жолун  куруу (“Түркстан – Чымкент – Ташкент” маршруту боюнча) зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында, эки өлкөнүн вице-премьер министрлери, өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган “жол картасын” ишке ашыруу үчүн 22 даана долбоордун планын  протоколуна кол коюшту.

Эскерте кетсек, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү, 2019-жылдын жыйынтыгы менен 2,75 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүч, 2018-жылга салыштырмалуу 10,6 пайызга көптүк кылат.

https://sng.today/tashkent/14893-v-perspektive-uzbekistan-i-kazahstan-namereny-dovesti-tovarooborot-do-10-mlrd.html