05.11.20

Өзбекстанда Түркиянын президентинин администрациясынын жардамы менен биринчи бизнес-инкубатору (жаш ишкерлерди колдоо борбору) түзүлмөкчү.

Ташкент шаарында бизнес-инкубатору  түзүү боюнча келишимге, Өзбекстандын Иновацияны  өнүктүрүү министрлиги, Стамбул технопаркы (Teknopark)  жана “Osiyo Evro Agro MCHJ” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан кол коюлду. Келишимге кол коюу аземи,  аралыктан видеоконференция форматында болуп өттү.

“Osiyo Evro Agro MCHJ” компаниясы,  Стамбул Технопаркынын (Teknopark) моделинин негизинде түзүлгөн жана Өзбекстанда алгачкылардан болуп түзүлүп жаткан бизнес-инкубатордун учредители болуп саналат.

Келишимге ылайык, бизнес-инкубаторду түзүү боюнча Түркия тарап  Өзбекстанга, административдик жана технологиялык инфраструктурага байланышкан маселелерде жардам  бермекчи.

Жаңы  бизнес-инкубатордун негизги максаты, таланттуу жана квалификациясы жогору болгон жаш  кадрларды таап, аларга жардам берүү болуп саналат. Мындан тышкары, Өзбекстанда иштеп жаткан Түркиялык компаниялардын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү иштерин аткармакчы. Түркия тарап, Өзбекстанга бизнес-инкубаторду түзүүдө жаңы технологиялардын негизинде иштелип чыккан ыкмаларды сунуштамакчы.

https://www.aa.com.tr/ru/экономика/в-узбекистане-при-поддержке-турции-будет-создан-бизнес-инкубатор-/2033459