05.11.20

Малайзиялык “Serba Dinamik Group Berhad” компаниясы, Өзбекстандын Хорезм облусунда жайгашкан “Хазарасп” эркин экономикалык аймагында (СЭЗ),  $250 миллион долларга бааланган каустикалык сода (кагаз өндүрүүдө колдонулат) жана  суюк хлор (пластика, синтетикалык каучук өндүрүүдө колдонулат) өндүргөн завод курууну пландап жатат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Заводду куруунун планын, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана “Serba Dinamik Group Berhad” компаниясынын директору Дато Абдул Карим бин Абдулла менен биргеликте талкуулашты.

Малайзиялык тараптын билдиришинче, заводдун техникалык жана экономикалык негиздемесин (ТЭО) Германиялык “Thyssen Krupp Uhde Chlorine Engineers s.p.l.” концернни тарабынан даярдалууда.

Заводдун кубаттуулугу жылына 33 миң тонна каустикалык сода жана 30 миң тонна суюк хлор өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Негизинен өндүрүлгөн продукция экспортко чыгарылмакчы.

Жаңы заводдун курулушу, Хорезм облусунун өндүрүштүк жана экспорттук потенциалын жогорулатып, кошумча жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүсү күтүлүүдө.

Тараптар, 2020-жылдын ноябрь айынын аягынан кечиктирбей, курулуш иштерин баштоону макулдашышты.

https://uzreport.news/politics/malaziyskaya-kompaniya-postroit-v-uzbekistane-zavod-po-proizvodstvu-kausticheskoy-sodi