11.11.20

Азия өнүктүрүү банкы (АӨН) Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан темир жолун  модернизациялоону  аягына чыгаруу үчүн $ 121 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, банктын маалымат кызматы билдирди.

Берилип жаткан акча каражаты, 2017-жылы Азия өнүктүрүү банкы (АӨН) тарабынан берилген  80 миллион доллардын (Өзбекстандын Фергана аймагында жайгашкан Пан-Наманган-Андижан шаарларын байланыштырган 145,1 километр узундуктагы темир жолун электр тогу менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн) уландысы катары эсептелет.

Дагы кошумча катары берилип жаткан $121 миллион доллар акча каражаты, жүк ташыган жана жүргүнчүлөрдү ташыган поезддердин маршруттук каттамынын санын артырмакчы. Мындан тышкары, сигнализация, телекомуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана иштеп жаткан персоналдардын поезддерди башкаруунун заманбап методун өздөштүрүүгө шарт түзүп бермекчи.

Фергана өрөөнүндө жайгашкан темир жол тармагын модернизациялоо анда жашаган калктын медициналык тейлөө, билим алуусуна жана жумушка орношуусуна мүмкүнчүлүк бермекчи.

Мындан тышкары, Өзбекстандын коңшу өлкөлөр менен соода жана туризм тармагын өнүктүрүүгө салымын кошот.

Эскерте кетсек, пандемия шартында, темир жол менен товар ташуу коопсуз жана дайыма талап кылынган транспорттун түрү болуп калды.

https://www.gazeta.uz/ru/2020/11/11/adb/