14.11.20

Өзбекстан сырттан телевизор импорттоп алууну  кыскартып, тескерисинче экспорт көлөмүн көбөйтүүнүн аракетин жасоодо. Башка өлкөлөр арасында, Кыргызстанга дагы Өзбекстанда өндүрүлгөн телевизордун экспортунун көлөмү артып  жаткан учуру. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстанда 2020-жылдын сентябрь айына чейин, телевизор өндүрүп чыгаруу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Анын натыйжасында, телевизорду сырттан импорттоп келүүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 миллион долларга кыскарган.

Тактап айтканда, быйыл 230,6 миң телевизор импорттолуп, ага керектелүүчү 5,3 миллион долларлык тетиктер сатылып алынган.

Өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитетинин билдиришинче, телевизордун тетиктери 26 өлкөдөн  алынып келинет. Мисалы, 3,2 миллион долларга Кытайдан, 820 миң долларга Түштүк Кореядан, 435,6 миң долларга Казакстандан, 87 миң долларга Германиядан алып келинген. Ал эми, 2019-жылы Өзбекстан 951 миң телевизор өндүрүп, өткөн 2018-жылга салыштырмалуу 24,5 пайызга өсүш болгон.

Быйылкы жылдын эсебинен телевизор экспорту өсүп, 1-ноябрга карата 119,4 миңден ашуун телевизор башка өлкөлөргө сатылган. 2020-жылдын акыркы 10 айынын ичинде, экспорттолгон телевизордун жалпы наркы 13,8 миллион долларды түзгөн. Андан түшкөн чет элдик валютанын кирешеси 35 пайызга көбөйгөн.

Өзбекстан өндүргөн телевизорунун экспортунун 32 пайызы Азербайжанга, 24 пайызы Казакстанга, 21 пайызы Россияга, 8 пайызы Украинага туура келет. Жыл башынан бери Кыргызстанга жана Тажикстанга экспорттоонун көлөмү 2,2 эсеге жогорулаган. Азыркы учурда, Грузия жана Түркияга экспорттоо да жолго коюлду.

Өзбекстан ошондой эле муздаткычтардын экспорттун да көбөйтүп жатат. Быйыл он айда 32,4 миң даана муздаткыч чыгарса, андан 5,2 миллион долларлык экспорт жасалып, чет элдик валюта кирешеси 58 пайызга өскөн. Муздаткыч экспортунун 44,6 пайызы Тажикстанга, 17 пайызы Кыргызстанга, 15 пайызы Азербайжанга, 11 пайызы Казакстанга туура келет. Быйыл Афганистан багытындагы экспорт 28 эсе, Түркмөнстанга 30 эсе, Россияга 57,2 эсе көбөйдү. Мындан тышкары, Грузия жана Түркияга дагы  экспорттоо пландалууда.

https://versia.kg/zbekstanda-televizor-eksportu-k-b-jd/