01.12.20

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус илдетине каршы, Россиянын “Sputnik V” вакцинасын 2020-жылдын аягында, 2021-жылдын башында сыноодон өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу, “РИА Новости” маалымат агенттиги, Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министри Абдухаким Хажибаевдин билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

2020-жылдын сентябрь айында, Россиянын “Түз инвестициялар” (РФПИ) фонду, Өзбекстанга таандык “Laxisam” фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте, 2020-2021-жылдары Өзбекстанга 35 миллион дозадагы вакцина жеткирүү боюнча макулдашканын кабарлаган.

Өзбекстандын  Саламаттыкты сактоо министри Абдухаким Хажибаев: “Оң жооп болсо, быйыл жылдын соңунда же келерки жылдын башында бул вакцинанын клиникалык сыноолоруна киришүүнү пландап жатабыз”, - деп билдирген болучу.

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Россиянын “Түз инвестициялар” (РФПИ) фондунан 500 доза вакцина сураганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин тестирлөө үчүн Кытайдан Өзбекстанга 6000 даана доза вакцина жеткирилгендиги маалым болгон. Ошондой эле Өзбекстан коронавируска каршы Кытайдын вакцинасын сыноонун үчүнчү айлампасына даяр экендиги жана  сыноо 5000 ыктыярчынын арасында жүргүзүлөрү кабарланган болучу.

https://knews.kg/2020/12/01/uzbekistan-planiruet-provesti-ispytaniya-rossijskoj-vaktsiny-ot-koronavirusa/