02.12.20

Өзбекстанда жылына кубаттуулугу 500 миң тонна продукция өндүргөн металлургиялык заводдун, Ташкент шаарында 4-декабрь күнү ачылуусу пландалууда.

Заводдун курулушун, Өзбекстандын өкмөтү жана Россиялык “Метпром” инженердик курулуш компаниясы биргеликте ишке ашырган. Бул тууралуу, “ТАСС” маалымат агенттиги билдирди.

Металлургиялык заводдун курулушуна жалпысынан €325 миллион евро акча каражаты коротулган.

Заводдо өндүрүлгөн продукцияны Түркия, Иран,  Афганистан, Азербайжан, Армения, Беларусия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрүнө экспортко чыгаруу мерчемделүүдө.

https://centralasia.media/news:1665339