05.12.20

Өзбекстандын Европа Биримдигине (ЕБ) экспорттогон текстиль продукциясынын көлөмү $1,2 миллиард долларга чейин жогорулоосу күтүлүүдө. Мындай көрсөткүч жаңы "GSP+" (Өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин Епропанын Биримдигинин (ЕБ) базарына товарын жеңилдетилген бажы салыгынын негизинде алып келип сатууга мүмкүндүк берген стандарт) преференциясынын негизинде ишке ашырылмакчы. Бул тууралуу, “Узтекстильпром” ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-ноябрь күнү Европалык комиссия, Өзбекстандын бенефициар статусун жана “GSP+” преференциясын алуу боюнча арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда оң чечим кабыл алган болучу.

Ага ылайык, Өзбекстандык текстиль өндүрүүчүлөр жана аны экспортко чыгарып саткан ишкерлер жеңилдетилген салыктын негизинде, продукциясын Европанын базарына сатууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Өзбекстан Европа базарында сата турган товарынын түрлөрү 6,200 чейин жогоруламакчы.

Айрым эксперттердин айтымында (“GSP+” стандартынын негизинде) Өзбекстан алгачкы этабында 300 миллион доллар өлчөмүндө  текстиль продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми,  2025-жылга карата бул көрсөткүч 1,2 миллиард долларга жетүүсү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Өзбекстан жылына 2,1 миллиард доллар өлчөмүндө текстиль продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоп келет. Аларга Түркия, Кытай жана коңшулаш мамлекеттер кирет.

https://www.podrobno.uz/cat/economic/eksport-tekstilya-iz-uzbekistana-v-strany-es-vyrastet-do-1-2-mlrd-eto-proizoydet-blagodarya-novym-pr/