07.12.20

Өзбекстандын өкмөтү чет элдик инвесторлордун жардамы менен 5 ГВт кубаттуулуктагы күндүн нурунан энергия алган станция курууну мерчемдөөдө. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогоруда мерчемделген кубаттуулуктагы энергиянын басымдуу бөлүгүн жакынкы 10 жыл аралыгында алуу пландалууда. Ошол себептүү Өзбекстандын Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банк (ДБ), Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) жана Европалык реконструкциялоо жана  өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен кызматташууда.

Тараптар бул долбоорго кызыкдар болгон инвесторлорду тандап алуу иштерин башташты.

2021-жылдын аягына чейин, Өзбекстанда кубатуулугу 100 МВт болгон күндүн нурунан энергия алган станция курууну пландаган болучу.

Эскерте кетсек, 2019-жылы Өзбекстанда алгачкы ирет күндүн нурунан энергия алуучу станция куруу боюнча тендер жарыяланган болучу.

Жыйынтыгында Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) тиешелүү болгон “Masdar” аттуу компания уттуп алган эле. Мындан тышкары, 2021-жылдын аягына чейин, Өзбекстандын Навои облусунун аймагына шамалдан электр энергиясын алган станция куруу пландалган.

https://regnum.ru/news/society/3134313.html