10.12.20

Өзбекстан жакынкы күндөрү Кыргызстан менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобустук каттамдарды жандандырууну пландап жатат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 8-декабрь күнү, Фергана шаарында Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун жолугушуусу болуп өткөн болучу. Көрүшмө учурунда, тараптар кыска аралыктын ичинде эл аралык жүргүнчүлөрдү ташыган автобустук каттамдарды жандандырууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Мындан тышкары, “Андижан-Ош-Иркештам-Кашкар” автомобиль маршруттук каттамын, Кытайдан Борбордук  Азиядагы мамлекеттердин аймагы аркылуу, Европага мультимодальдык  товар ташууда эфективдүү пайдалануу зарылдыгын белгилешти.

Эскерте кетсек, коронавирус илдетинин жайылышы менен Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эл аралык маршруттук каттамдар март айында токтотулган болучу.

https://centralasia.media/news:1667279