12.12.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Үргөнч шаарында жайгашкан технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышып келди. Мындай технопарктар жана өнөр жай аймактары өлкөнүн баардык аймактарында соода менен алек болгон иш адамдарына пайдалуу болуусу үчүн ачылууда.

“Үргөнч” технопаркы 2020-жылдын май айында ишке берилген болучу. Технопарктын аймагында, кийим кечек тиккен “Oq oltin mega tekstil” жана металлдан ар түрдүү буюм жасаган “Great Khorezm” ишканалары иштеп баштаган болучу.

Президент кийим-кечек тиккен “Oq oltin mega tekstil” ишканасынын продукциялары менен таанышып чыкты.

Ишканага кийим тигүүчү машиналар Түркия, Италия жана Германия өлкөлөрүнөн алынып келинген.

“Oq oltin mega tekstil” кийим тигүүчү фабрикасында, чоң адамдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн 100 ашык кийимдин түрлөрүн өндүрөт. Өндүрүлгөн продукциянын 75 пайызы экспортко чыгарылып сатылат.

Фабрикада Үргөнч, Хива, Янгиарык, Ханкин райондорунан келген 400 ашуун аял кишилер туруктуу жумуш орду менен камсыз болушкан. Мамлекет башчысы фабриканын жумушчулары менен жолугушуу өткөрдү.

Шавкат Мирзиёев: “Сиздер менен жолугушканыма абдан кубанычтамын. Мамлекет өлкөнүн жарандарын жумуш менен камсыз кылууга баардык аракеттерин көрөт. Өзгөчө аялдар жана жаштарга көңүл бурабыз. Менин бүгүнкү, Хорезм облусуна жасаган иш сапарымдын дагы негизги максаты ошого багытталган”-деп билдирди.

Эскерте кетсек, технопарк толук кандуу иштеп баштаган соң  жылына 87 миллиард сум (Өзбекстандын акча бирдиги) акча каражатына бааланган продукция өндүрүп баштайт. Ал эми, жылына экспортко 5,8 миллион доллар өлчөмүндө товар сатыкка чыгарууну пландоодо.

https://uzreport.news/politics/shavkat-mirziyoev-posetil-tehnopark-v-gorode-urgenche