16.12.20

Өзбекстанда “Өзбекстан” деген аталыштагы мобилдик смартфон өндүрүлүп баштады. Байланыш каражаты азырынча ички рынок үчүн гана өндүрүлгөнүн “Sputnik Өзбекстан” маалымат агенттиги билдирди.

Гаджеттин эске тутумунун ченеми 64 гигабайтты түзөт. “Навои” эркин индустриялык зонасынын аймагында өндүрүлүп баштаган мобилдик телефондорду “ООО Telecom Devices PRO” компаниясы ишке ашырып баштаган.

Мобилдик аппараттар Өзбекстандын Маалыматтык технологиялар жана коммуникация министрлигинин тапшырмасы менен жүзөгө ашырылган.

Мобилдик каражаттын эс тутумунда Өзбекстандын президентинин китептери, классикалык жана заманбап өзбек адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн жыйнагы, радио спектаклдер, жүздөн ашуун өзбек ырлары жана күүлөрү, ошондой эле өлкөнүн кооз жерлери менен кооз аймактары чагылдырылган фотоальбомдор жүктөлгөн.

https://sputnik.kg/asia/20201216/1050794040/ozbekstan-smartfon-mobildik-karazhat-chygara-bashtady-surot.html